www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония Кыргызстанга 4,6 млн. доллар берет

14-июлда Бишкекте кол коюлган келишимге ылайык,  Япония социалдык-өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанга 500 млн. иен (4,6 млн. доллар) бермек болду. Келишимге Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева кол койду.

Япония элчилиги тараткан маалыматта: "Учурдагы коронавирус инфекциясы жайылган кырдаалды эске алып, жапон өкмөтү Кыргызстанга жогорку сапаттуу медициналык жабдуулардын алып бермек болду. Жабдуулар коронавируска чалдыккан адамдарды дарылап жаткан бейтапканаларга бөлүнүп берилет”, - деп жазылган.

Ошондой эле жапон өкмөтү берилип жаткан жардам Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын COVID-19 пандемиясына каршы ишин бекемдей аларына үмүттөнөрү жазылган.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар алат. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат.

Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө, 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости