www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин үч кызматкери коронавирус инфекциясына кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Орус бийлиги элчиликтен бул кызматкерлер байланышта болгон адамдардын тизмесин талап кылды.

Орусияда вирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болгон кишилер эки апталык карантинге алынат.

Элчиликтеги кызматкерлердин баары вирус жуктуруп алган кесиптештери менен байланышта болгон. Мындан ары элчилик кандай тартипте иштей турганы белгисиз.

Тажикстан бийлиги 25-июндан бери Орусиядагы жарандарын мекенине алып кете баштаган. Буга байланыштуу тизмеге илинүү үчүн элчиликке келген кишилердин саны көп болууда. Эгер дипломатиялык өкүлчүлүк карантинге жабылса, жарандарды кабыл алуу токтойт. Элчилик өз ишин онлайн режимде алып барат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости