www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 29-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбековдун бөгөт коюу чарасын өзгөрттү.

Райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал 13-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Шабданбеков Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Ал 15-апрелде 21-тергөө абагына камакка алынган болчу.

Тимур Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары кызматына 2022-жылдын 13-июлунда дайындалган. Ал 2026-жылдын 17-февралында ээлеген кызматынан бошотулган.

Последние новости