www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда «Криминал» аталышында атайын операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундарынын ичинен уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 144 адам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин адистештирилген реестринде турганы аныкталды, алар:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде – 16;
- Ысык-Көл облусунда туруктуу жашагандар – 45;
- Кыргыз Республикасынан чыгып кеткендер – 9;
- Кыргыз Республикасынын башка аймактарында жашагандар – 74.
2025-жылдын 13-августунда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдардын жашаган жери боюнча 13 дарек боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мынташ тышкары, «Кылмыштуу идеянын» пайда болушуна жол бербөө боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМ адистештирилген каттоосунда турган 26 адамга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган 74 жаранга карата ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР УКМК билдирет, эгер сиздерге уюшкан кылмыштуу топторго жана башка кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар тарабынан жасалган же жасалган кылмыштар тууралуу маалымат келип түшсө, КР МУККнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууну же 03922 5-11-80 телефон номуруна чалууну суранабыз, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.