www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.
Бишкекте Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан чет өлкөлөрдүн биринин укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган А.Д. кармалды. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрь айында А.Д. чет өлкөдө жүргөндө жана коммерциялык ишканалардын биринин директору болуп турган учурда шериктери менен биргеликте соода базарынын ижарачысы болуп, курулуп жаткан имараттагы соода орундарын мыйзамсыз саткан. 2019-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын март айына чейин 11 жабырлануучудан жалпысынан 168 450 АКШ доллары алынган. Жабырлануучуларга төлөнгөн аянттар берилген эмес.
2025-жылдын июль айында чет өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тергөө ишин жандандырып, А.Д. карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн жеткирилди.