www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун мүчөсү, Кыргызстандын жараны Т.М.Ш. аттуу адамдын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Ош облусунун Араван районунда жашап жүргөн мезгилде калк арасында террордук идеологияны жайылтуу менен алектенген. Ал конституциялык түзүмдү кулатууга жана "Халифат" теократиялык мамлекетин түзүүгө чакырык таштап, Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн жарандарды азгырган.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоо пландарын түзгөнү аныкталган.

Шектүү 16-мартта Түркиянын Стамбул шаарынын аймагында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда Кыргызстанга алып келинип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости