www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: «Хизб ут-Тахрирдин» 12 активдүү мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Хизб ут-Тахрир» деп аталган диний-экстремисттик уюмдун 12 активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, кармалгандар экстремисттик идеологияны жайылтууга, ошондой эле экстремисттик мазмундагы материалдарды даярдоого жана таратууга шектелүүдө.

УКМК билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар»), 331-беренесинин 2-бөлүгү («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») жана 332-беренесинин 2-бөлүгү («Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө диний адабияттар, DVD-дисктер, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбук, учкучсуз учуучу аппарат (БПЛА), акча каражаттары жана «ИЖ-37», «Байкал МР-651 КС» жана «Синза» үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчалар алынганы маалымдалды.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо жана мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатат.

Последние новости