www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КР жараны Б.И.М.ден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында изделип жаткан Ош облусунун тургуну, 1984-жылы туулган КР жараны Т.У.С. аныкталып, кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Т.У.С. Бириккен Араб Эмираттарында жана Дубайда жүргөндө К.Асанбектин атын пайдаланып, Б.И.М.ге жана анын туугандарына карата физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан 2 миллион рубль өлчөмүндө «Уурулардын жалпы фонду» кирешесине акча талап кылган.

Ошондой эле, Т.У. эгер төлөмдөн баш тартса, Б.И.М.дин ата-энесин жана балдарын өлтүрөм деп коркуткан.

Эске салсак, 2021-жылдын 12-ноябрында Т.У.нын шериги З.Б. акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

2022-жылдын 11-майында Т.У. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн (сыртынан) айыпталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарга карата тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Шектүү министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

Последние новости