www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачуу – акыл-эстин чырагын өчүрөт.

(Роберт Грин Ингерсолл)

Ачуу – бул көзү бар кишилер деле дуушар болчу сокурлук.

(Андрей Лаврухин)

Жолдон чыгып бараткан дөңгөлөктү кармап калган сыяктуу, ойгонуп келаткан ачуусун баса алган кишини гана мен арабакеч деп айтам. Ал эми калгандар болсо жөн гана тизгин кармагандар.

(Будда Шакьямуни)

Ачуу бар жерде дайыма кайгы-капа бар.

(Экхарт Толле)

Эң күчтүү адам – ачуусун баса билген адам.

(Мухаммед пайгамбар)

Үйүрдө көп эле күчтүү пилдер болушу мүмкүн, бирок, сабырдуу болбосо алардын текелердин үйүрүнөн эч айырмасы жок.

(Дж.Мукерджи)

Ачуулуу муштум жылмайган жүздү ура албайт.

(Чан накылы)

Ажаанданба, бул – катындын иши.

(Лакадемондук Хилон)

Акылдуу падыша дайыма сабырдуу болот.

(Саади)

Муштум түйүлүп турганда эч качан башка акылдуу, тунук ойлор келбейт.

(Джордж Джин Нейтан)

Шумкар көгүчкөн менен чогуу жашай албаган сыяктуу, ачуу да адилетүүлүк менен чогуу жашай албайт.

(Болеслав Прус)

Ачуулу киши чаң сыяктуу -- бат эле басылып калат.

(Белгисиз автор)

Ачуулуу киши эч качан акыйкатты тааный албайт.

(Байыркы Египет накылы)

Ажаан аял менен сүйлөшкөн ысык үтүктү өпкөндөй эле кеп.

(Владимир Лебедев)

Шамал деңизде толкунду пайда кылат, ачуу болсо адамдын акылында толкунду пайда кылат.

(Ефрем Сирин)

Ачуу душмандык отун тутантып, ишенимди өчүрөт.

(Вадим Синявский)

Ачуу – келесоолуктун башталышы.

(Цицерон Марк Туллий)

Сабырдуулук – адамга жарашчу сапат, ачуу – айбанга жарашчу сапат.

(Овидий)

Ачуу атүгүл кадыр-барктуу кишини да басынтып, кулга айлантат.

(Бабрий)

Ачууга ачуу менен жооп бербеген киши өзүн да, каршылышын да сактайт.

(Индия накылы)

Мыкты жоокер эч качан ачууланбайт.

(Лао Цзы)

Ачуулуу кишинин ичи дайыма ууга толуп турат.

(Конфуций)

Ачуу акылдуулардын да башын жейт.

(Сулайман падышанын накыл кептеринен)

Таш да, кум да оор, бирок, келесоонун ачуусу бул экөөнөн да оор.

(Ветхий Завет)

Ачууң келген кезде ачууңду басканды “өзүмдүн парзым” деп бил.

(Унсур аль-Маали)

Ачуусун баса билген, адамдарды кечире билген адам – даанышман.

(Ас-Самарканди)

Адамдын кемчилигине ачуулан, бирок адамдын өзүнө эмес.

(Эразм Роттердамский)

Ачууңдун эмес, акылыңдын үнүн ук.

(Уильям Шекспир)

Тагдырыңды ачууга ишенип тапшырган өтө опурталдуу.

(Жан Расин)

Ачуу үстүндө урулган сокку акыр-аягында өзүбүзгө кайра келип тиет.

(Уильям Пени)

Ачуу – бул ачык жана утурумдук жек көрүү; жек көрүү – бул карманган жана туруктуу ачуу.

(Шарль Пино Дюкло)

Ачуунун дайыма негизи бар, бирок, ал дайыма эле жүйөлүү эмес.

(Бенджамин Франклин)

Ачуу – мыкаачылыктын булагы.

(Шарль де Костер)

Эгер ачууң келсе, сөз айтардан мурда онго чейин сана, аябай эле ачууң келсе, жүзгө чейин сана.

(Томас Джефферсон)

Ачуу – алсыздардын куралы.

(Софья Сегюр)

Ачуу башкалар үчүн жагымсыз, бирок, ал ачуусу келген кишинин өзү үчүн деле оор.

Ачуу менен башталган нерсе уят менен бүтөт.

(Лев Николаевич Толстой)

Ачуу дайыма жаман кеңешчи.

(Эмиль Золя)

Ачуунун максаты – ар кандай тоскоолдукту күч менен тез жок кылуу.

(Альфред Адлер)

Ачууга алдыруу – бирөөнүн кемчилигин өз мойнуңа жүктөп алуу.

(Александр Поп)

Келесоонун ачуусу дароо ачыкка чыгат, ал эми акылдуу болсо ачуусун кармана билет.

(Сулайман падышанын накылынан)

Ар кимибиз ар кайсы температурада кайнайбыз.

(Джон Драйден)

Эшикти эч ким укпагандай кылып жапканды үйрөнгүлө.

(Константин Елисеев)

Ачууга каршы күрөшүүнүн эң жакшы дарысы – ачууну кармануу.

(Сенека)

Мен өзүмдүн мынчалык ачуулуу экенимди билгенимде ачууланмак эмесмин.

(Миньон Маклофлин)

Ачуу бар жерде көз жаш бар.

(Латын макалы)

Ачуудан картаясың, күлкүдөн жашарасың.

(Украин макалы)

Эгер сен ачуулуу болсоң бир дары бар, анын аты – унчукпоо.

(Перси макалы)

Мамат САБЫРОВ

Булак: "АЗИЯnews" 

Последние новости