www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында 22-апрелинде Бишкек шаарында “Уңгуну улай” аталышындагы китептин расмий бет ачары өтөт.
Аталган иш-чаранын негизги максаты – кыргыз элинин бай руханий мурасын даңазалоо, айрыкча төкмө акындардын чыгармачылыгын кеңири жайылтуу жана улуттук баалуулуктарды кийинки муунга өткөрүп берүү болуп саналат. Программа алкагында төкмө акындардын чыгармалары жаңырып, маданий баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү маселелери көтөрүлөт.
Китептин автору – Садырбек Турдубек уулу. Автор бул эмгеги аркылуу улуттук салт-санааны, сөз өнөрүн жана кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн чагылдырууну максат кылган.
Иш-чарага маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, студенттер жана жалпы китеп сүйүүчүлөр чакырылат.
Башталышы: 14:00дө
Дареги: Кыргыз улуттук “Манас” театры