www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин "Жаштык" аренасында өттү. Континенттик биринчиликке Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашык балбан катышып, күч сынашты.

Кыргызстандын курама командасы жалпы 12 медаль жеңди:

  • Грек-рим күрөшү боюнча: 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун;
  • Кыз-келиндер күрөшү боюнча: 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун;
  • Эркин күрөш боюнча: 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун камсыздалды.

Последние новости