www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбековдун төрагалыгы астында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн  Аппараттарынын тармактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Коллегиясынын отуруму болуп өттү.  

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды, Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомствого караштуу уюмдардын жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчилеринин отчеттору угулду.  

Министр Ч.Айдарбеков 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы өлкөбүздүн ичинде дагы, эл аралык өнөктөштөрдүн аянтчаларында дагы өткөрүлгөн тышкы саясий иш-чараларга бай болгондугун белгиледи.

Мисалы, биринчи жарым жылдыкта Министрликтин ишмердүүлүгүндөгү негизги окуялар катары төмөнкүлөр болду: Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын жаңы Концепциясы бекитилди, мартта узак мөөнөттөн кийинки Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилеринин Кеңешмеси болуп өттү, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги Ардактуу консулдарынын Кеңешмеси өткөрүлдү, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кеңсеси уюмдаштырылды, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Россиянын Якутск, Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск региондорундагы 4 Кеңсеси ачылуу процессинде; Кыргыз Республикасынын Франциядагы жана Италиядагы Элчиликтерин ачуу боюнча иш алып барылууда. Боливия жана Сент-Винсент жана Гренадиндер менен дипломатиялык мамилелер орнотулду.

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитин өткөрүү, Россия менен Кытайдын лидерлеринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарлары, Монголиянын Президентинин, Индиянын, Казакстандын жана Түштүк Кореянын Премьер-министрлеринин, Австриянын Спикеринин, Россиянын, Казакстандын Кытайдын, Афганстандын тышкы саясий ведомстволорунун министрлеринин, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун институттарынын жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилеринин расмий жана жумушчу сапарлары тышкы саясаттагы маанилүү иш-чаралар катары болгондугу белгиледи.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Германияга жана Швейцарияга расмий сапары менен барды, Россияга эки жолу жумушчу сапарлары менен барды, Кытай Эл Республикасында болуп өткөн «Бир алкак – бир жол» алкагында эл аралык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги 2-Форумга, Сауд Арабиясында болгон Ислам кызматташтык уюмунун 14-Саммитине, Индиянын жаңы Премьер-министринин инаугурация аземине, Казакстанда болуп өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына жана Тажикстанда болгон Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңештин 5-Саммитине катышты.

Премьер-министрдин линиясы боюнча Сауд Арабиясында өткөрүлгөн «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын Жабылуу аземине катышууну өзгөчө белгилеп кетүү зарыл.

Экономикалык дипломатияны ишке ашыруу боюнча Министрликтин ишинин күчтөндүрүлгөнү белгиленди. Миллиарддаган суммаларга Келишимдер түзүлдү.

ТИМдин алкагында экономикалык дипломатия боюнча Консультативдик топтун 6 отуруму өткөрүлгөн, ошондой эле туристтик коомчулук өкүлдөрү менен 2 жолугушуу болуп өттү.

Тышкы саясатты ишке ашыруудагы көйгөйлүү маселелер талкууланды, тиешелүү сунуштар жана сын-пикирлер киргизилди. Коллегиянын ишинин жыйынтыктары боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости