www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндөгү мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Мыйзам долбоору менен Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева тааныштырды.
Анын максаты «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу болуп саналат. Тышкы саясий маселелер боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жөнгө салынат.
Депутаттар мындан тышкары «Шаар куруу, архитектура жана курулуш ишинин негиздери жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, четке какты.
Демилгечи – VII чакырылыштын депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Бактыбек Сыдыков, Кундузбек Сулайманов, Улугбек Ормонов, Жанарбек Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Эльмурза Сатыбалдиев, Мурадил Сыдыков, Арсланбек Малиев, Шаирбек Ташиев, Аманкан Кенжебаев, Нурбек Алимбеков, Жылдыз Таалайбек кызы, Жалолидин Нурбаев, Эльдар Абакиров.