www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мектепке чейинки билим берүү уюмундагы окуя боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

2026-жылдын 24-апрелинде Өзгөн районунун Кара-Таш айылында жайгашкан “Ак ниет шооласы” мектепке чейинки билим берүү уюмунда жетекчи менен тарбиячынын ортосунда пикир келишпестик орун алган.

Тарбиячы жетекчинин баласы бала бакчага кечигип келгендигине байланыштуу аны кабыл албай койгон. Бул жагдай кайым айтышууга себеп болгон. Мындан улам жетекчи маселени жеке тартипте чечпестен, тарбиялануучулардын жана кызматкерлердин көзүнчө орой мамиле жасап, натыйжада пикир келишпестик курчуп кеткен.

Окуяны териштирүү максатында Өзгөн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан өкүлдөр жеринде иш алып барып, жыйынтыгында бала бакча жетекчисин кызматтан алуу сунушун беришкен.

Аталган факт Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячысы бири-бирине карата арыз-доолору жок экендигин билдиришкен.

Последние новости