www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореяда Кыргызстан менен дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнүн 28 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Айсулуу Аширалиеванын айтымында, Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилиги менен бирге уюштурулган салтанат 7-ноябрда Корея парламентинин жыйындар залында өттү.

«Мурдагы премьер-министр жана «Демократиялык биримдик» партиясынын төрагасы Ли Нак Ён салтанатка келе албаганы менен куттуктоо баракчасын жөнөттү. Андан тышкары ошол эле партиянын депутаты Жан Гён Тэ келип куттуктап кетти.

Иш-чаранын алкагында 2 мамлекеттин ырлары, бийлери аткарылып, улуттук кийимдеринин көргөзмөсү болуп өттү. Андан тышкары улуттук тамак-аштары жасалды.

Мындай иш-чара 3 жылдан бери ушундай чоң масштабда өтүп келет. Быйыл COVID-19 пандемиясына байланыштуу маараке саналуу гана коноктордун катышуусунда өттү», - деди Аширалиева. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости