www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Турсунбай мырза, алдыдагы парламенттик шайлоодо оппозициячыл маанайдагы талапкерлерде шанс барбы? Шайлоочулар эркин ой жүгүрткөндөрдү колдошобу же баягы эле акчалууларды тандашабы?

— Биринчи тактоо: “оппозициячыл” саясатчылар деги азыр барбы? Бийликке умтулуп, президент боло албай калган, амбициясы ишке жарабай калгандарды жана жеке таарынычы бар, бийликке капа болгондорду билемин. Экинчи тактоо: чыныгы эл тараптагы саясатчы шайлоого катышыш үчүн 300 миң сом күрөөнү төгө алабы? Ошондуктан бул шайлоо да акыркы жүргөн шайлоолордой эң чоң ролду акча ойнойт. Шайлоочуларга кимдин кандай программасы бар экени баары бир, алар акча бергенге добушун беришет. Шайлоо Кыргызстанда 2005-жылдан бери бизнеске айланган.

— Ошондо “таза шайлоо” деген сөз суу кечпей калабы?

— Шайлоо жөнүндө мыйзам дискриминациядан башталса, кайдагы “таза шайлоо”? 300 миң сомуң барбы, ошондо катыша аласың, андай акчаң жок “давай, до свидания!” болосуң. Шайлоо баштала электе эле теңдик, чындык жок. Бул шайлоо тандалган адамдар үчүн гана өтүп аткандай: “Акчаң болсо танкасын...” дегендей. 5000дей агитаторлорго акча төлөп иштетүү – бул минимум 10 миң добушту камсыз кылуу, туурабы? Анан кантип таза шайлоону кеп кылалы?..

"Азия Ньюс" гезити

 

 

Последние новости