www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов барбы? Суроону дал ушундай кабыргасынан койчу учур келди.

Анын аталган кызматка дайындалганына дээрлик жарым жылга чукулдап калды. Мамлекеттин идеологиясын жүргүзө турган адам ың-жыңсыз, чөпкө түшүп кеткен ийнедей дайыны билинбейт. Деги бул кызматка эмнеге барганын түшүнөт болду бекен? Негизи кыргыздын наркын, каада-салтын, санжыра-тарыхын, тилин, маданий баалуулуктарын, рухий дөөлөттөрүн мыкты түшүнгөн адам аркалоочу кызматка Марат Иманкуловдун дайындалганы каталык болгон. Ошол үчүн кумга сиңген суудай бары-жогу билинбей олтурат. 

Арийне, Мамлекеттик катчы – мамлекеттик идеологиянын жүзү болушу керек эле. Бул кызматты аркалаган жетекчи, ар бир жарандын аң-сезимине, маданиятына, тилине, тарыхына тиешеси бар улуттук рухий маанилүү маселелерди көтөрүп чыгууга тийиш. Тилекке каршы, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкуловдун ишмердүүлүгү дээрлик нөл деңгээлде экени сокурга дагы көрүнүп турат.

Мына бүгүнкү күнгө дейре Иманкуловдун коомчулук алдына чыгып, мамлекеттик идеология, улуттук саясат, маданий баалуулуктар боюнча ачык позициясын билдиргенин уккан жан барбы? Кандай руханий долбоорду демилге кылды? Эмне үчүн улуттук биримдик, тил саясаты, маданият жана нарк көйгөйлөрү боюнча үнү угулбайт? Бул кызматка келген адам калк алдында жигердүү чыгып, коомду ойготкон, улуттун духун көтөргөн, тарыхты терең түшүнгөн инсан болушу керек. Өкүнүчтүүсү, Марат Иманкулов бул талаптарга жооп бербейт.

Чындыгында, анын кесиптик профили бул кызматка таптакыр дал келбейт. Ал коопсуздук тармагында жабык системаларда иштеп жүргөн адам. Бул тажрыйба улуттук идеология сыяктуу ачык-айкын, элге жакын болууга тийиш болгон кызмат менен кантип шайкеш келмек эле? Эл менен иштөөнү эмес, документ карап кабинетте олтурууну каалаган адамга, мындай коомдук жана идеологиялык оор жүк эмне үчүн жүктөлдү? Суроолор көп, жооп жок.

Кыргыздын наркы, тили, маданияты – идеологиянын өзөгү болушу керек эле. Улуттун жүзү – анын тили, тарыхы, наркы, санжырасы, маданияты. Мамлекеттик катчы бул баалуулуктарды сактап, коомго кайра жандандырып берүүчү идеолог болушу парз. Кыргыз эли азыркы тапта глобалдашуунун капсалаңында өз тилин, тарыхын, наркын жоготуу коркунучу менен жашап жатат. Ушул учурда бул маселелерди көтөрүп чыкчу мамлекеттик катчы эмнеге унчукпай отурат? Улуттук идеологиянын негизги багыттары боюнча мамлекеттик деңгээлдеги бир дагы резонанстуу билдирүү, демилге же иш-чара өткөрүлгөн жок. 

Идеологиялык боштук – улуттун жоголушуна жол ачат. Бул ачуу чындыкты моюнга алышыбыз абзел. Эгерде мындай маанилүү кызматка ылайыксыз адамдар дайындала берсе, Кыргызстандын идеологиялык багыты улам бүдөмүктөлө берет. Элдин рухий дүйнөсү жетимсирейт, тил жоголот, нарк унутулат. Ошондуктан мамлекеттик катчы сыяктуу кызматтарга улуттук баалуулуктарды жан дили менен түшүнгөн, коомго кайрылып сүйлөй алган, идеясы бар инсандар келиш керек. Марат Иманкуловдун бул кызматты жетектеп жатканы эң чоң каталык болду. Анын ордуна идеолог, тарыхчы, тилчи, маданият ишмери, коомчулукка белгилүү руханий лидер келиши керек.

Дегенибиз, Мамлекеттик катчы – бул жөн гана административдик кызмат эмес. Бул кызмат – улуттун идеологиялык багытын аныктап, коомдун аң-сезимин, рухий дүйнөсүн жана маданий өзөгүн бекемдөөгө багытталган өтө жооптуу позиция. Бирок учурда бул кызматта отурган Марат Иманкуловдун коомдогу көрүнүшү, демилгеси, үнү угулбай жатканы олуттуу суроолорду жаратууда.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Последние новости