www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин парламенти (Кнессет) мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алды.
Маалыматка ылайык, тиешелүү демилгени 120 депутаттын 62си колдоду. Каршы добуш бергендер жана калыс калгандар болгон эмес.
Кнессетти расмий түрдө таркатуу боюнча жобо саясий партияларды каржылоо тууралуу мыйзамга киргизилген. Израилдин парламенти 17-июлдан тарта жайкы эс алууга чыгат.
Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 27-октябрда өтөт. Жаңы шайланган депутаттар ант бергенден кийин Кнессеттин жаңы курамы өз ишин баштайт.
Белгилей кетсек, азыркы чакырылыш өзүнүн төрт жылдык мөөнөтүн толук аяктаган. Израилде парламенттин мындай тартипте кайра шайланышы акыркы жолу 1988-жылы болгон.