www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туристтик милиция жөө адамдар менен айдоочуларга айып сала алат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.

“Эми, Туристтик милиция Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирди. Буга байланыштуу Туристтик милициянын укугу кеңейип,  эми жол эрежесин бузган айдоочуларга айып сала алат. Учурда бул милициянын курамында 30 кызматкер бар, дагы 30 кишини кызматка алуу пландалууда.

Туристтик милиция бир чакырым аралыкта жөө иштейт. Алардын укугу эми Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында иштегендер менен теңелди, алар да коопсуздукту камсыздайт”, -деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгындагы ар бир экипажда төрт кишиден бар. Экөө машина менен 5-7 чакырым радиуста иштесе, экөө жөө басат. Аларга да маалыматты Туристтик милициядагыдай эле зарыл болгон учурда командалык борбор берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости