www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Ош жана Баткен облустарындагы бир катар шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды.
Өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкү шайлоо участокторунун жайгашкан жери жаңыртылды:
№5067 — Кашка-Терек айылындагы чайканадан К. Кулматов атындагы орто мектепке;
№5068 — Кызыл-Кырман айылындагы спорт залынан М. Базаркулов атындагы №43 мектепке;
№5069 — Кеңеш айылындагы спорт залынан «Майрамкан апа» бала бакчасына;
№5042 — Эски-Покровка айылындагы К. Ташиев атындагы №62 лицейден Б. Шамшиев атындагы маданият үйүнө;
№5581 — Карчабек айылындагы ФАПтан Карчабек негизги билим берүү мектебине;
№8031 — Кара-Булак айылындагы маданият үйүнөн Кара-Булак жалпы билим берүү мектебине;
№8033 — Айбике айылындагы маалымат борборунан Маданият билим берүү мектебине өткөрүлдү.
Өзгөн жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында өзгөртүлгөн даректер жана шайлоо участокторунун жайгашкан жери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.