www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай» саатында депутаттар аймактардагы социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусунун Кадамжай районундагы социалдык объектилердин абалына көңүл бурду. Анын айтымында, Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыштак айылындагы мектеп авариялык абалда.

Ошондой эле айыл өкмөттүн үч айылында ичүүчү суу жок болгондуктан, тургундар арыктын суусун пайдаланууга аргасыз болушууда. Мындан тышкары, Молдонияз айыл аймагындагы Умай-Эне айылындагы мектептин маселесин чечүү зарылдыгы белгиленди.

Депутат Гүлнара Баатырова ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан колдоо маселесин көтөрдү.

Ал аймактарда алар керектүү көндүмдөрүн өнүктүрүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша өздөрүн камсыздай ала турган социалдык шаарчаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеке ассистенттер институтун кеңейтүүнү сунуштады.
Токтобүбү Ашимбаева Бакай-Ата конушунда спорт комплексин куруу жана эс алуу жайларын түзүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундардын жакын жайгашкан айнек заводунун ишине, анын ичинде ызы-чуунун деңгээлине байланыштуу даттануулары бар экенин билдирди. Депутат дренаждык тутумдун көйгөйүн да көтөрдү.

Бактыяр Калпаев Россияда эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын укуктук абалына токтолуп, айрым жарандарды миграциялык реестрден чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө чакырды.
Уланбек Жаанбаев чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу маселесин көтөрүп, аларды курулуш сыяктуу тармактар менен катар жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, коомдук тамактануу тармактарына тартуунун максатка ылайыктуулугуна көңүл бурду.

Ошондой эле жер мунапысынын жүрүшү тууралуу сөз кылды.
Алишер Козуев Ош–Өзгөн жолундагы унаа тыгынына байланыштуу маселени көтөрүп, бул багытта ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Кара-Суу районунун Кызыл-Абад айылындагы Жипром тилкесинин тургундары үчүн көпүрө куруу маселесине көңүл бурду.

Нуржамал Торобекова «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин карап чыгууну сунуштады. Анын айтымында, айрым кызматкерлердин айлыгы 5 миң сомдун тегерегинде. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү маселесин көтөрдү.
Медер Чотонов Талас облусундагы көйгөйлөргө токтолду. Айтматов районунун Кара-Сай айылында калкты таза суу менен камсыз кылуу долбооруна 129 млн сом каралганын, бирок иштердин аткарылышы создугуп жатканын белгилеп, долбоорду тездетүүгө чакырды. Ошондой эле Бакай-Ата районунун Май айылындагы мектеп жана Манас районунун Жайылган айылындагы ички жолдор маселесин көтөрдү.
Илимбек Кубанычбеков Кара-Суу районундагы медициналык инфраструктурага көңүл бурду. Ал райондук ооруканада МРТ жана КТ аппараттарынын жоктугу тургундар үчүн кыйынчылык жаратып жатканын белгилеп, аймактарды дары-дармек менен камсыз кылуу системасын жакшыртуу зарылдыгын айтты.
Рахат Жунушбаева Тоң районунун Туура-Суу айылында миңден ашуун тургун жашарын айтып, 40 орундуу бала бакча куруу керектигин билдирди. Ошондой эле Жети-Өгүз районунун Ырдык айылындагы электр мамыларынын авариялык абалына жана бала бакчанын курулушун аяктоо зарылдыгына көңүл бурду.
Кубанычбек Самаков Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында футбол аянтчасын куруу маселесин көтөрүп, Нарын районунун Жалгыз-Терек айылына бала бакча курууну өтүндү.

Последние новости