www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мектеп окуучуларынын ур-токмоктон каза болушу боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Жайлообай Нышанов жакында Сузак районунда катталган окуучунун өлүмү боюнча окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде чара көрүү зарылдыгын белгиледи.
Депутат Улукбек Карыбек уулу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуп, мектептердеги зомбулук жана рэкетчилик маселесин системдүү түрдө чечүү керектигин айтты.
«Окуу жылы башталбай жатып эки бала ур-токмоктон каза болду. 2024-жылдан 2026-жылга чейин жети бала ур-токмоктон көз жумган. Бул Сузактагы же Чаткалдагы мектептердин эле эмес, жалпы системанын көйгөйү. Ошондуктан Жогорку Кеңеш алдыдагы эки айда бул маселе боюнча мыйзам долбоорун кабыл алса», — деди ал.
Депутат Бурул Аманова болсо жума күнү Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өтөрүн билдирди. Анда мектептердеги буллинг жана рэкетчилик маселелери талкууланат.
Эскерте кетсек, 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки өспүрүм кармалып, соттун чечими менен 17-ноябрга чейин камакка алынган.
Ошондой эле, 18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класста окуган балдар тарабынан сабалып, каза болгону кабарланган.
Бул факты боюнча Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү кармаган. Алар соттун чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган.
Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн маалыматтарга ылайык, депутаттар мектептердеги зомбулук, буллинг жана рэкетчиликке каршы системдүү чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти.