www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жарандын дайыны бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Издөө иштерине 23-сентябрда жалпы 18 адам жана эки дрон тартылды.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине Баткен шаарындагы №26 ӨККБдан үч, Баткен районундагы №31 ӨККБдан төрт жана №106 ӨККБдан үч куткаруучу, ИИМдин төрт кызматкери жана төрт жергиликтүү тургун катышууда.

Ошондой эле эки дрон колдонулууда.

Кечээ, 22-сентябрда издөө иштерине 20 адам жана бир дрон тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес.

Эске салсак, 10-августта Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Кулп жайлоосунда 1978-жылы туулган Б.Д. аттуу эркек киши Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен.

Издөө иштери улантылууда. Кошумча маалымат берилет.

Последние новости