www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жайкы сезондо дагы, кышкы сезондо дагы туристтердин агымынын олуттуу өсүшү катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын жайкы сезонунда (июнь-август) республикада эс алуучулардын саны 3 млн 533,1 миң адамга жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 50,6%га өстү.

Негизги агым Ысык-Көл облусуна туура келип, аймакты 2 млн 334,3 миң адам кыдырган (өсүш 34,2%). Ошондой эле Чүй облусунда эс алуучулардын саны дээрлик 4 эсеге (334,4 миң), Ош шаарында 2,5 эсеге (265,4 миң) өскөн. Позитивдүү динамика Жалал-Абад, Нарын жана Баткенде да байкалып, Талас облусунда гана төмөндөө катталды.

Жайкы туризмди изилдөө Ысык-Көлдөгү 181 эс алуу мекемесин, 2,3 миңден ашык конок үйүн жана 6,3 миңден ашык үй чарбасын камтыды. Эң чоң өсүш конок үйлөрүндө катталган.

Кышкы сезондо да (декабрь 2025 – февраль 2026) активдүүлүк байкалып, өлкөгө 378 миң 571 адам келген. Бул өткөн кышка караганда 47%га көп. Анын ичинен 63 миң 184ү чет өлкөлүк жарандар.

Кышкы туристтердин эң көбү Чүй облусуна (144 миң 894) жана Ысык-Көлгө (113 миң 964) туура келди. Бишкекте кышкы объекттерге 38 миң 220 адам баш баккан.

Өлкөдөгү тоо лыжа базаларынын саны 14 бойдон калды, бирок аларга баргандардын саны 157,3 миңден 192,5 миң адамга өстү. Анын ичинде 35 миңден ашыгы чет өлкөлүк туристтер.

Последние новости