www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков, Клара Сооронкулованын айтканына кошула тургандыгын айтып, президенттик шайлоону чукул арада өткөрүүнү сунуштайт.
Ал өз сөзүндө:
— Клара Сооронкулова быйыл президенттик шайлоону өткөрсө боло тургандыгын айтыптыр. Клара айым эң мыкты юристтердин бири. Ал жөн сүйлөй бербейт, негиздер бар үчүн айтты, мен ага кошулам. Эмне үчүн дегенде азыркы президент 2010-жылы кабыл алынган Конституция менен шайланган. Эгерде ошол Башмыйзамды жетектеп бара турган болсок, президент алты жылга бир мөөнөткө шайланат. Ал маселе мурда дагы талкууга түшкөн. Азыркы Конституция боюнча беш жылдан эки жолу шайланууга укугу бар.
Мына ушуга ылайыктай турган болсок, беш жылы бүттү, экинчи дагы беш жылы бар, ага жол ачылып жатат. Клара айым мына ушуга негиздеп айтса керек. Азыркы президент менен мен да Жогорку Кеңеште кызмат кылгам, бардык маселени эртеңкиге калтырбай, бүгүн чечем деген жигит. Ошол мүнөзүнө жараша азыркы экономикабыз да оңолуп, жумуштар шыр чечилип жатат. Аны мурда иштеп кеткен президенттер менен салыштырсаң эле даана көрүнөт.
Кыскасы, Клара Сооронкулованын айтканына кошулам, шайлоону чукул арада өткөрсө болот. Мындай практика башка өлкөлөрдө да бар. Алыс барбай кошуна мамлекеттерди эле карасак, мөөнөтүнө мурда президенттик шайлоолор өткөрүлүп келе жатат, - дейт Мадылбеков.