www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 30-январь күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы А. Масалиев атындагы орто мектебинде «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол жок» аталышындагы профилактикалык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын майору А. Атамалиев, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын улук инспектору, милициянын улук лейтенанты С. Анаралиев, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери, милициянын улук лейтенанты М. Сыдыков, Баткен РИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкери, милициянын улук лейтенанты О. Токтобай уулу катышты.

Ошондой эле иш-чарага мамлекеттик райондук администрациясынын акимдин орун басары, райондук билим берүү бөлүмүнүн, социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү, райондун имам-хатиби, Кызыл-Бел айыл башчысы жана Чек ара кызматынын застава башчысы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө жана жалпы билим берүү мектебинин окуучуларына үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, кибер кылмыштуулуктун, ошондой эле топтошуп мушташуу фактыларынын алдын алуу максатында кеңири масштабдуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Катышуучулар мыйзам талаптары, жоопкерчилик чаралары жана коопсуз жүрүм-турум тууралуу кеңири маалымат беришти.

Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, окуучуларды кызыктырган суроолорго тиешелүү адистер тарабынан так жана түшүнүктүү жооптор берилди.

 

Последние новости