www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму өзүнүн 30 жылдык тарыхында алгач ирет Түркиянын жогорку “Кызыл алма” сыйлыгына ээ болду.
Уюм бул сыйлыкка түрк дүйнөсүнүн маданиятын, тилин жана бай руханий мурасын эл аралык деңгээлде жайылтууга кошкон салымы үчүн татыды. Ошондой эле ТҮРКСОЙдун түрк элдеринин маданий байланыштарын чыңдоодогу жана руханий баалуулуктарды даңазалоодогу эмгеги жогору бааланды.
Сыйлык тапшыруу аземи 12-май күнү Анкара шаарында өттү. Сыйлыкты Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тапшырды.
Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев билдирди.
Белгилей кетсек, бул сыйлык жалпы түрк дүйнөсүнүн маданият өкүлдөрү менен өнөр адамдары үчүн маанилүү жетишкендик катары бааланууда.