www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда НАТОнун 36-саммити башталды

Түркиянын борбору Анкарада НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын 36-саммити өз ишин баштады.

Маалыматка ылайык, саммит Коргонуу өнөр жай форуму менен ачылды. Форумдун негизги темасы трансатлантикалык коргонуу өндүрүшү жана бул тармактагы инвестициялар болот.

Акыркы 3–4 жылда НАТОнун кошумча иш-чарасы катары өткөрүлүп келген Коргонуу өнөр жай форуму быйыл биринчи жолу Түркияда саммиттин расмий программасынын алкагында уюштурулууда.

Саммитке Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Словакиянын президенти Петер Пеллегрини, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони, Канаданын премьер-министри Марк Карни, Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Болгариянын премьер-министри Румен Радев, Черногориянын премьер-министри Милойко Спайич, НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте жана Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта баштаган дүйнө лидерлери катышууда.

Последние новости