www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия НАТО алкагындагы тарыхында биринчи жолу Балтика аймагындагы аба коопсуздугун камсыздоо миссиясына катышат. 2026-жылдын 1-августунан 30-ноябрына чейин түрк аскерлери Эстониядагы Амари авиабазасында кызмат өтөйт.
Миссиянын алкагында Түркия 5 F-16 истребителин жана 76 аскер кызматкерин жөнөтөт. Алар Балтика өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин күнү-түнү көзөмөлдөп, мүмкүн болгон бузулууларга ыкчам жооп берет.
Бул чечим аймактагы чыңалуунун күчөшү жана аба мейкиндигин бузуу фактылары көбөйгөн шартта кабыл алынды. НАТО өкүлдөрү мындай аракеттерди «гибриддик коркунучтарга» каршы чара катары баалоодо.