www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия учак кыйросунун себептери аныкталмайынча, бардык С-130 аскердик-транспорттук учактарынын учуусун убактылуу токтотту. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Буга чейин 11-ноябрда Грузия-Азербайжан чек арасына жакын жерде түркиялык учак кулап, анын ичинде 20 адам каза болгон.

Мекемеден билдиришкендей, учуулар толук техникалык кароодон еткенден кийин Пана кайра жандандырылат. Кулаган учакта ок дарылар болгон эмес ал аскер кызматкерлерин жана жабдууларды ташыган. Кырсыктын себептери азырынча аныктала элек. Белгилүү болгондой, аталган учакты Түркия 2012-жылы Сауд Арабиясынан сатып алып, 2022-жылы жаңырткан. Акыркы техникалык тейлөө 11-сентябрдан 12-октябрга чейин өткөрүлгөн.

Последние новости