www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күнүмдүк керектелүүчү негизги азыктардын бааны көзөмөлдөөнү күчөттү. Бул чаранын башкы максаты, негизсиз бааны көтөрүүнү алдын-алуу жана жарандар үчүн баанын туруктуулугун камсыздоо болуп саналат.
Адистер базарлардан тартып ири соода түйүндөрүнө чейин болгон бардык сатуу пункттарынан дайыма маалымат чогултуп, ар бир товар боюнча баанын өзгөрүүсүн туруктуу каттап турушат. Ун, эт, суу май, кумшекер, картошка, пияз, жумуртка жана башка социалдык маанидеги азыктарга болгон баада күтүүсүз секирик пайда болсо, ал дароо талдоого алынып, керек болсо чара көрүлөт.
Мамлекеттик көзөмөлдүн бул формасы элдин турмушуна түздөн-түз таасир эткен азыктардын баасын адилет деңгээлде сактоого жардам берет. Эгер кимдир бирөө товарды негизсиз кымбаттатып жатса же бааны жөнгө салуу эрежелери бузулса, жарандар дароо Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылса болот.
Ишеним телефондору (аймактар боюнча):
Борбордук аппарат (Бишкек): 0312 56 31 97
Чүй облусу: (312) 66 52 04
Бишкек шаары: (312) 66 49 44
Ош облусу: (3222) 5 50 97
Ош шаары: (3222) 5 63 42
Баткен облусу: (3622) 5 03 23
Талас облусу: (3422) 5 58 51
Ысык-Көл облусу: (3922) 3 18 86
Жалал-Абад облусу: (3722) 7 00 25
Нарын облусу: (3522) 5 09 53