www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын ROKETSAN коргонуу компаниясы жакын аралыктагы танкка каршы KARAOK ракеталык комплексин ийгиликтүү сыноодон өткөрдү.

Маалыматка ылайык, төрт башка сценарий боюнча жүргүзүлгөн бардык атылыштар бутага так тийип, системанын жогорку тактыгын жана согуштук мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Сыноо учурунда KARAOK «атып-унут» (fire-and-forget) принциби менен иштээри көрсөтүлдү.

Комплекс 76 метрден тартып 2500 метрге чейинки аралыктагы буталарды так жок кыла алат. Ошондой эле анын тандемдүү согуштук бөлүгү оор броняны да тешип өтө ала турганы тастыкталды.

Белгиленгендей, KARAOK өз мүмкүнчүлүктөрү боюнча АКШнын FGM-148 Javelin жана Россиянын 9M133 Kornet сыяктуу белгилүү танкка каршы комплекстерге жакын. Бул жетишкендик Түркиянын коргонуу тармагындагы маанилүү технологиялык ийгилиги катары бааланууда.

Последние новости