www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жолу Тоң районунда кызматкерлердин саптык тизилүүсү уюштурулуп, ар бир түзүмгө так милдеттер жүктөлдү. Аталган кызматтын курамына ички иштер органдарынын, саламаттык сактоо , өзгөчө кырдаалдар министирлигинин, экологиялык көзөмөл мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет.

Кызматкерлер калк арасында коопсуздук эрежелерин жана экологиялык маданиятты жайылтуу максатында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жарандарга көл жээгин таза кармоо, кооптуу шарттарда сууга түшпөө, коомдук тартипти сактоо боюнча эскертүүлөр берилип, практикалык кеңештер сунушталууда.

Ысык-Көлдүн акваториясы тыкыр көзөмөлгө алынып, үзгүлтүксүз текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте көл үстүндө жана жээктерде мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүп, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Көл аймагы моторлуу кайыктар аркылуу, ал эми жээк тилкелери автоунаа, квадроцикл жана аттар менен текшерилүүдө.

Бул иш-чаралардын максаты – Ысык-Көл аймагында коопсуз, таза жана маданияттуу эс алуу үчүн шарт түзүү, ошондой эле мыйзам бузуулар менен экологияга зыян келтирүү учурларынын алдын алуу.

Последние новости