www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапарынын алкагында Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоодон түшүүчү таш көчкүлөрдөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулуш иштерин көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жана подряддык уюмдардын жетекчилерине курулуш иштерин бекитилген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү, техникалык талаптарды так сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана объектилердеги көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле министр берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышын жана курулуш иштеринин жүрүшүнө үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнү милдеттендирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда.

Последние новости