www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери кызмат өтөө учурунда алдыңкы жана каптал айнектери тиешелүү уруксаты жок караңгылатылган Kia үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты.

Мекеменин маалыматына караганда, айдоочуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары түшүндүрүлүп, ал мыйзамсыз чапталган караңгылатуучу пленканы ошол жерден алып салды.

Аталган факты боюнча айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө тиешелүү протокол түзүлдү.

ЖКККББ айдоочуларды транспорт каражаттарын мыйзам талаптарына ылайык пайдаланууга чакырып, мыйзамсыз караңгылатылган айнектер көрүнүштү чектеп, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратарын эскертти.

Последние новости