www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жылдыз Эгенбердиева менен Жылдыз Курманалиеванын, Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы жана айкалыштыруу менен Шри-Ланкадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимовдун, ошондой эле дарыгерлердин, тармактык уюмдардын жана бейтаптар коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Талкуунун негизги темасы Кыргыз Республикасында трансплантацияны өнүктүрүү, ошондой эле В, С жана D өнөкөт вирустук гепатиттеринен улам келип чыккан боордун циррозу менен жабыркаган бейтаптарга, ошондой эле боорун жана бөйрөгүн алмаштырган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү маселелери болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө андан ары иштеп чыгууну талап кылган негизги багыттар белгиленди. Алсак, өлкөдө трансплантология кызматын этап-этабы менен өнүктүрүү, ата мекендик саламаттык сактоо уюмдарында операцияларды жасоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле чет өлкөлүк клиникаларга дарылануу үчүн кайрылууга мажбур болгон бейтаптардын финансылык жүгүн азайтуу зарылдыгы тууралуу сөз болду.
Операцияга чейинки даярдык, лабораториялык диагностика жана операциядан кийинки бейтаптарды көзөмөлдөө, анын ичинде дары-дармек терапиясы менен камсыздоо жана мүмкүн болгон татаалдашууларды дарылоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле клиникалык протоколдорду актуалдаштыруу, дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүү жана клиникалык изилдөөлөрдү өнүктүрүү зарылдыгы талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары профилдик адистерди, анын ичинде гепатологдорду даярдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле адистештирилген гепатологиялык борборлорду түзүүнүн максатка ылайыктуулугун белгилешти.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө бейтаптар чет өлкөдө дарылануу учурунда туш болгон көйгөйлөр айтылды. Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы жана айкалыштыруу менен Шри-Ланкадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов айрым бейтаптар медициналык уюмдарды тандоодо, ошондой эле дарылануу процессинде коштоо маселелеринде кыйынчылыктарга дуушар болушарын белгиледи. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын медициналык уюмдары менен чет өлкөлүк клиникалардын ортосунда, анын ичинде трансплантология тармагында кызматташуу боюнча меморандумдарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды. Бул өз ара аракеттенүүнү системалаштырууга, тажрыйба алмашууну камсыз кылууга жана көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Бейтаптар коомчулугунун өкүлдөрү өз кезегинде бир катар актуалдуу маселелерди, анын ичинде өнөкөт вирустук гепатиттер боюнча эсепке алууну жана статистиканы жакшыртуу, дарылануунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле трансплантациядан кийинки бейтаптарды көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын ортого салышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары көтөрүлгөн маселелердин маанилүүлүгүн белгилешип, аларды тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, депутаттык корпус жана эксперттик коомчулук ортосунда трансплантациялык жардамды өнүктүрүүгө жана бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетишилди.