www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 13-октябрь күнү  Кара-Суу РИИБге 3 тургун арыз менен кайрылган. Анда  белгисиз жарандар алардын жашап жаткан турак үйлөрүнө жана короолоруна тиешелүү документтерди жасалмалап, банктардан жана финансылык компаниялардан насыя алуу максатында күрөө катары пайдалангандыгы көрсөтүлгөн. 

Аталган факты маалыматтык электрондук журналына катталып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (Кызмат абалын кыянаттык пайдалануу) каралган кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин  ошол кездеги башчысы 1982-жылы туулган А.А., жер боюнча адиси 1986-жылы туулган М.Д., ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын жер кадастры бөлүмүнүн кызматкери 1989-жылы туулган С.А. жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 1979-жылы туулган Д.Э. аттуу жарандар тергөө кызматына жеткирилип, аталган кылмыш иши боюнча айыбы угузулду.

 Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды  аныктоо багытында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости