www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө демократия жана адам укуктары жөнүндө сүйлөгөндө, айрым державалар үчүн бул сөздөр көп учурда жөн гана кооз ураан болуп калат. Венесуэла айланасындагы окуялар дал ушул жагдайды дагы бир ирет далилдеди.
АКШ администрациясынын чечимдеринен кийин Венесуэланын мунайынан түшкөн ири кирешелер чет өлкөлөрдө “коопсуз” эсептерге чыгарылып, ал каражаттарга Венесуэланын өзү жана анын эл аралык инвесторлору жете албай калды. Натыйжада бул өлкөнүн жүз миллиарддаган долларлык карызы кагаз жүзүндө гана сакталып, реалдуу маанисин жоготту. Ал эми айта кетчү нерсе, Венесуэлаоблигация кармоочуларга, мунай компанияларына, Кытай фирмаларына өзүнүн эл аралык кредиторлоруна 170 миллиард доллар карыз болду.
Эң өкүнүчтүүсү, мындай схемалардын айынан жөнөкөй венесуэлалыктар жапа чегип жатат. Экономика муунтулуп, социалдык кризис тереңдеген сайын, жоопкерчилик тууралуу суроолор жоопсуз калууда. Ал эми карызын кайтарып алам деген инвесторлор жабык эшиктерди каккылап олтурушат.
Ирак менен Афганистандын тагдыры муну мурда эле көрсөткөн. Бирок Венесуэла мисалы мурда болуп көрбөгөн деңгээлге чыкканын айгинелейт. Бул эми согушсуз эле мамлекетти алсыратып, анын ресурстарын көзөмөлгө алуу ыкмасы болуп калды.