www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медербек Машиев соңку эки жылда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты жакшырганын Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинде айтты. 

Машиев Бишкектеги абанын булганышынын эң негизги себеби турак үйлөрдө көмүрдүн жагылышы экенин, бул жалпы көйгөйдүн 40% түзөрүн, эски унаалардан чыккан газ 30%, Жылуулук электр борборуну 15%,  шамал менен келген жана шаардын ичиндеги чаң 13,5%, ал эми калган 1,5% өнөржай ишканалары түзө турганын белгиледи.

Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганыч шаарлардын сап башына утур-утур чыгып турат. Эки апта мурун эле 19-20-январда абанын тазалыгын аныктаган борбордун чок ортосундагы жабдык абанын булганышын ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашканын көрсөткөн.

Анан эле Машиев кайдагы жомокту токуп, шаар тургундарынын көзүнө “чаң чачып” жатат деген суроо туулат. Мындайды элибиз уялбагандан өңүз уял дечү беле?

Последние новости