www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын экономикасы чет өлкөдө иштеген жарандардын жөнөткөн каражатынын эсебинен олуттуу колдоо алып жатат. Алсак, 2025-жылы чет өлкөдөгү эмгек мигранттары Өзбекстанга 18,9 миллиард доллар рекорддук сумма которгон. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 27%га көп. Мындай ири сумма өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн дээрлик сегизден бир бөлүгүн түзөт. Бул кыска мөөнөттө калктын керектөөсүн сактап, социалдык чыңалууну азайтканы менен, узак мөөнөттүү тобокелчиликтерди да жаратат.
Негизги маселе ашкере көз карандылык. Айрым облустарда элдин жашоосу түздөн-түз мигранттар иштеп жаткан өлкөлөрдөгү экономикалык абалга, рублдин курсуна жана миграциялык мыйзамдарга байланган. Эгер кабыл алуучу өлкөлөрдө кризис чыгып же миграциялык саясат катууланса, бул аймактар дароо сокку жейт.
Мындай шартта акча которуулар туруктуу өнүгүүнүн булагы боло албайт. Алар экономика үчүн “убактылуу дем алуу аппараты” сыяктуу гана роль аткарат. Чыныгы туруктуулук үчүн Өзбекстанга ички өндүрүштү, жумуш орундарын жана аймактык экономиканы өнүктүрүү зарыл.
Булак: NazarNews