www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинден Киевди жана башка украин шаарларын бир жума аткылабай турууну суранып, Путин ага макул болгон.
- Катуу сууктан улам мен президент Путинден Киевди жана башка украин шаарларын аткылабай туруусун өтүндүм. Бул жөн эле суук эмес, чектен ашкан төмөн температура. Алар мындай суукту эч качан башынан өткөргөн эмес. Мен жеке өзүм президент Путинден бир апта ичинде Киевге жана башка украин шаарларына чабуул жасабай туруусун сурандым. Ал буга макулдугун билдирди, сиздерге айтып коюшум керек, бул аябай жагымдуу болду, – деп маалымдады Трамп Ак үйдөгү Министрлер кабинетинин жыйынында.
Трамп ошондой эле орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү "чоң жылышка жетишкендигин" кошумчалады. Бул тууралуу Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф да билдирди. Анын айтымында, аймактык маселелерди талкуулоо да ийгиликтүү өттү.
Кыш башталгандан бери Орусия Украинанын энергетикалык булактарын бутага алып, Киев баштаган бир катар шаарлар электр энергиясыз, жылуулуксуз калышкан.