www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясынын 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынына катышты.
МинКаб башчысы 2020-жылы мамлекеттик бажы кызматы 28 млрд сом чогултса, 2025-жылы 157,4 млрд сом жыйналып, киреше дээрлик 6 эсеге өскөнүн белгилеп, мындай жетишкендикке “Смарт бажы” улуттук санариптик платформасынын иштей башташы өбөлгө болуп жатканын кошумчалады.
“Эгерде биз убагында бажы системасын санарипке өткөрбөсөк, олуттуу ажырымдар боло бермек, ортодон далай “көмүскө миллионерлер” чыкмак”-деп белгиледи МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Өз сөзүндө МинКаб башчысы өлкө боюнча бажы төлөмдөрү республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төрттөн бир бөлүгүнөн ашыгын түзөөрүн, акыркы жылдары ар бир кызматкерге туура келген жүктөм кыйла өскөнүн өзгөчө белгиледи.
“2021-жылы иштетилген декларациялардын саны 113 миңди түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 873 миңден ашты. Штаттык санды көбөйтпөстөн жетишилген мындай өсүш автоматташтыруунун, жол-жоболорду санариптештирүүнүн жана адам факторун четтетүүнүн натыйжасы болуп саналат. Ошол эле учурда укук коргоо блогунда аналитикалык ыкмаларга жана тобокелдиктерге негизделген башкарууну киргизүү бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын так аныктоого мүмкүндүк берди”-деди ал.
Жыйындын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик бажы кызматына бир катар тапшырмаларды, анын ичинде биринчи кезекте 2026-жылы бажы төлөмдөрү боюнча 142,6 млрд сом өлчөмүндөгү болжолдук көрсөткүчтөрдүн сөзсүз жана толук аткарылышын камсыз кылууну жана 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планында камтылган милдеттер так аткарылуусун тапшырды.