www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путинди "Чоң жетиликтин" жыйынына чакырарын билдиргенин РИА Новости жазды.

АКШ президентти аталаган жыйында Путин маанилүү фактор болуп берерин айткан.

"Биз бир катар өлкө лидерлерин чакырдык... Мен, албетте, Путинди чакырмакмын. Анын катышуусу маанилүү фактор болот деп ойлойм. Биз G7 уюумуна кирбеген мамлекеттердин лидерлерине айттык, айрымдары чакырууну кабыл алышты. Бирок мен жыйынды шайлоодон кийин өткөрсөк деп ойлойм, анткени маанай жакшы болот", - дейт  ДональдТрамп.

Буга чейин ал "Чоң жетиликтин" жыйынын сентябрь айына жылдырарын, ага РФ, Индия, Австралия жана Түштүк Кореянын жетекчилерин чакырууну каалаганын билдирген. АКШ президентинин айтымында, Россиянын G7 жыйынына катышуусу өзгөчө мааниге ээ болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости