www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтондо Ак үйдүн сыртында АКШнын Жашыруун кызматынын офицери бир адамга ок атты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, окуя 10-августта кечки саат 18:00 чамасында болгон. 51 жаштагы адам офицерге жакындап келип, куралы бар экенин айткан жана ок атууга камданган. Ушундан улам Жашыруун кызматтын офицери ок аткан. Натыйжада ок тийген адам да, офицер да ооруканага жеткирилди. Азырынча алардын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Ал эми окуя президент Дональд Трамп Ак үйдө коронавируска байланыштуу брифинг өткөрө баштаган маалда болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости