www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамптын администрациясы АКШга айрым өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салууну пландап жатат. Бул тыюу мурункуга караганда кеңири болот, мындай тыюу салууну Трамп өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүндө да киргизген. Бул тууралуу "Нью-Йорк Таймс" эки булакка шилтеме берип жазды.

Аткаруу бийлигинин ичинде таратылып жаткан долбоордо АКШга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн болгон өлкөлөрдүн кызыл тизмеси сунушталат.

Булактардын биринин айтымында, сунушталган кызыл тизме негизинен Трамп буга чейин кирүүгө тыюу салган өлкөлөрдүн жарандарынан турат. Өткөн жолу бул тизмеге Куба, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сомали, Судан, Сирия, Венесуэла жана Йемен кирген.

Долбоордо Ооганстандын жарандарын АКШга кирүүгө толугу менен тыюу салынган өлкөлөрдүн тобуна кошуу сунушталууда.

Сунушта толугу менен чектөө киргизилбеген өлкөлөрдүн сары тобу да бар. Мисалы, виза белгилүү бир категориядагы адамдарга гана берилиши мүмкүн. Тактап айтканда салыштырмалуу бай адамдар, бирок иммигранттар же туристтерге эмес, ал эми визалардын мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Арыз ээлери жеке маектен өтүүгө милдеттүү болушат.

Үчүнчү категориядагы же сары тизмедеги өлкөлөргө айрым кемчиликтерди жоюу үчүн 60 күн берилет, андан кийин алар башка эки категориянын бирине кошулушу мүмкүн.

Визасы бар адамдар тыюудан бошотулабы же алардын визалары жокко чыгарылабы, азырынча белгисиз. Ошондой эле туруктуу жашоого уруксат алган "жашыл карта" ээлерине тиешелүү болобу же жокпу, белгисиз.

Трамп 2017-жылы Чад, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сирия, Венесуэла жана Йемендин жарандарына Америкага кирүүгө тыюу салган.

Ошондой эле туруктуу жашоого уруксат алган "жашыл карта" ээлерине тиешелүү болобу же жокпу, белгисиз.

Трамп 2017-жылы Чад, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сирия, Венесуэла жана Йемендин жарандарына Америкага кирүүгө тыюу салган.

2020-жылдын январында Дональд Трамп Кыргызстанды АКШга иммиграцияга тыюу салынган алты өлкөнүн тизмесине киргизген. Америка президенти кол койгон документ Нигерия, Эритрея, Мьянма жана Кыргызстандын көпчүлүк жарандарынын АКШга келип иштөөсүнө жана жашоосуна жол берген эмес. Танзания жана Судандын жарандары виза лотереясына катыша алышкан эмес. Жаңы тыюу 2020-жылдын 22-февралында күчүнө кирген.

Жо Байден 2021-жылдын январында президент болгондо Трамптын тыюуларын жокко чыгарган.

Последние новости