www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 7 жаштагы бала каналга агып, көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-март күнү саат 18:00 чамасында Ош шаарына караштуу Жапалак айылындагы Орке тилкесиндеги каналдан агып бара жаткан баланын жансыз денесин жергиликтүү тургундар көрүп, алып чыгышкан.

Ал 2018-жылы туулган, ошол айылда убактылуу жашаган үй-бүлөнүн баласы болуп чыккан. Үй-бүлө Бишкектен Ошко көчүп барып, жашап жаткан. Тергөө учурунда соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

«Камера көрсөткөндөй, бала чөнтөгүндөгү буюмун сууга агызып алып, аны алам деп каналга кирип кеткен«,- деп айтылат маалыматта.

Последние новости