www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчөлөрү менен бирге Кара-Балта шаарына иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, айрым билим берүү жайларындагы жагдайдан жеринен кабар алды.
Анын ичинен 2011-жылы менчиктештирилип, 2018-жылы кайрадан мамлекеттин карамагына алынган №5 мектептин авариялык абалдагы имаратын көрүп чыкты. 1950-жылдары курулган имарат учурда толугу менен эскилиги жетип, кароосуз калган. Андыктан жергиликтүү бийлик аталган мектептин ордуна бала бакча курууну, ал эми ага жакын жайгашкан №7 мектептин жанына кошумча окуу имаратын салып, мектеп жетишсиздигин жоюуну сунушташты. Алсак, Кара-Балта шаарында бала бакча маселеси да курч. Учурда бала бакча үчүн 1200дөй бала кезекте турса, айрым мектептерде үч нөөмөт менен билим берилет.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу коштоп барган Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлүнө тез арада жаңы мектептин жана бала бакчанын имаратынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырып: “Мамлекет келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүү максатында агартуу тармагына артыкчылык берип, республика боюнча билим берүү жайларын жаңыртып курууга өзгөчө көңүл буруп келебиз. Борборго жакын жайгашкан Кара-Балта калаасында да аталган саамалык уланып, мектеп, бала бакча маселелери толук чечилиши керек”, - деди.
Андан соң Төрага №7 мектепке барып, билим берүү жайындагы абалды көрдү. Мектеп жетекчисинин айтымында учурда анда 1500дөн ашуун окуучу үч нөөмөттө билим алат. Агартуучулар кошумча окуу корпусу курулса, орун маселеси гана чечилбестен, билим берүүнүн сапатын да көтөрүүгө көмөкчү болмок деген оюн билдиришти. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу курула турган кошумча имараттын долбоору менен таанышып, тиешелүү министрликке каржы маселесин тез арада чечип берүү талабын койду.
Муну менен катар курулуш тармагындагы кечигүүлөрдү жоюп, сапатка жана ыкчамдыкка басым жасоо максатында тендер маселеси да жокко чыгарылып жатканын белгилеген Төрага: “Тиешелүү министрлик эми жаңыча иш алып барып, социалдык-инфраструктуралык курулуштарды тездетип курууга аракет кылышы кажет. Эски эсептөө ыкмаларын артка калтырып, заман талабына ылайык иш жүргүзүшү керек. Антпесек, курулуштарды жүргүзүүдө нарк жана сапат жагынан айырмачылыктар жаралып калган учурлар болууда”, - деди.
Ошондой эле жергиликтүү жетекчилерди да жигердүү иштөөгө чакырган Төрага: “Соңку жылдары аймактык калааларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Кара-Балта шаарына да 1 млрд сом бөлүнгөн. Андыктан, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону туура пайдаланып, шаардын социалдык-инфраструктуралык маселелерин чечишиңер керек”, - деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, Төрага баштаган депутаттар тобун тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрдү.