www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБна А.И. аттуу жаран жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылып, анда 2025-жылдын 19-декабрында белгисиз адамдар эч кандай себепсиз ага дене жаракаттарын келтирип, ошондой эле сыртынан тапанчага окшош предмет менен коркутушкандыгы боюнча чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди. 

Тергөөнүн жүрүшүндө чыр-чатактын себеби 2025-жылдын 6-декабрында болгон окуялар экени аныкталды. Аталган күнү А.И. Бишкек шаарынын ИИББнын БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалып, ал өз ыктыяры менен күчтүү таасир этүүчү дары-дармектердин таблеткаларын өткөрүп берген. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Сурак учурунда А.И. күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди 1995-жылы туулган жаран А.М. аттуу аялдан сатып алганын билдирген. 2025-жылдын 29-декабрында ал кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинчерээк шектүү А.М.нын жолдошу — Н.А. атту жаран— сыртынан тапанчага окшош предмет менен коркутуп, А.И.ден мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүнү талап кылганы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) жана 355-беренеси (сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иштери козголду.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип, 1997-жылы туулган жаран Н.А. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости