www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэриясынын жеке курулуш компаниялар алдындагы карызы 3 миллиард сомго жакын экени айтылды. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, шаардагы 100дөн ашуун объект боюнча милдеттенмелер бар. Алардын ичинен 24 ири долбоор Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүп, иштер уланууда. 

Адистердин айтымында, бул карыздар шаардык башкарууда кабыл алынган чечимдердин кесепетин көрсөтөт. Мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда башталган ири курулуш долбоорлору үчүн алынган милдеттенмелер азыр шаар бюджетине жана мамлекетке кошумча жүк болуп жатат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары мэриянын карызы 12 миллиард сомго жеткенин жазышкан. Токторбаев бул маалыматты четке кагып, карыздын көлөмү 2,3 миллиард сомдун тегерегинде болгонун билдирген.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө карыздарды жабуу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттары тартылып, мурдагы башкаруу чечимдеринин финансылык кесепеттерин мамлекет көтөрүүгө аргасыз болууда.

Последние новости