www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Токтогул районуна барып, Токтогул – Беш-Таш унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 53 чакырымды түзгөн жол тилкесинде жер иштери башталды.
Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрүндө гана асфальт болуп, калган тилкелеринде жарандарга жана транспорт каражаттарына бир топ кыйынчылыктар жаралып келген.
Иш сапардын жүрүшүндө жол тармагында иштеген кызматкерлер менен жолугуп, аткарылып жаткан иштерди текшерип, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Токтогул – Беш-Таш жолунун асфальтталышы бир нече айылдардын жашоочуларынын жашоосун жеңилдетпестен, транспорттук байланышты да жакшыртып жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы